Бул булгануу деңгээли канааттандырарлык катары классификацияланат.
Бишкектеги эң булганган аймактар:
1. Мадиев көчөсү - 129
2. Байтик айылы - 6
Бишкектеги абанын булгануусунун негизги булагы PM2.5.
| Аба сапатынын индекси AQI | Булгануу деңгээли | |
| 0—50 | жакшы | Аба сапаты канааттандырарлык, булгануу аз жана норманын чегинде |
| 51—100 | канааттандырарлык | Аба сапаты кабыл алынуучу, бирок кээ бир булгануучулар сезимтал адамдар үчүн коркунуч туудурушу мүмкүн |
| 101—150 | сезимтал топтор үчүн ден-соолукка зыяндуу | Ар кандай адамдарга таасир этиши мүмкүн, бирок орто статистикалык адамга таасири аз |
| 151—200 | ден-соолукка зыяндуу | Бардыгы терс кесепеттерин сезиши мүмкүн, айрыкча сезимтал адамдар оор маселелерге туш болушу мүмкүн |
| 201—300 | абдан ден-соолукка зыяндуу | Ден-соолук үчүн коркунучтуу, бул бардык калкка таасир этиши мүмкүн |
| 300+ | коркунучтуу | Ден-соолукка коркунучтуу, ар бир адам оор кесепеттерге туш болушу мүмкүн |
PM2.5 2.5 микрондон кичинекей бөлүкчөлөрдү билдирет. Алардын диаметри адам чачынан 30 эсе кичине. Бул бөлүкчөлөргө чаң, күкүрт, сажа, ошондой эле абадагы сульфаттар жана нитраттар кирет. Тек ушул заттар ири шаарларга мүнөздүү абанын булуттанып кетишине себеп болот.
Дүйнөлүк аба сапаты рейтингинде 13-январда Бишкек 67-орунду ээлейт (саат 11:00гө карата).
• Аба булгануусунан коргонуу боюнча сунуштар:
- булганган абанын киришин алдын алуу үчүн терезелерди жабыңыз;
- маска кийиңиз;
- ачык абада физикалык активдүүлүктү чектеңиз;
- аба тазалагычтарды колдонуңуз.