Мындай деңгээл абдан ден соолукка зыяндуу деп эсептелет.
Башкы шаардагы эң булганган райондор:
1. Мадиев көчөсү - 189
2. Байтик айылы - 28
Бишкектеги абадагы негизги булгануучү зат PM2.5.
| Аба сапатынын индекси AQI | Булгануу деңгээли | |
| 0—50 | жакшы | Аба сапаты канааттандырарлык, булгануу аз жана норманын чегинде |
| 51—100 | канааттандырарлык | Аба сапаты кабыл алынуучу, бирок кээ бир булгануучулар сезгич адамдар үчүн коркунуч туудурушу мүмкүн |
| 101—150 | сезгич топтор үчүн ден соолукка зыяндуу | Сезгич адамдарга терс таасир этүүсү мүмкүн, бирок көпчүлүк калк үчүн кесепеттер аз |
| 151—200 | ден соолукка зыяндуу | Бардыгына терс таасир этүүсү мүмкүн, айрыкча сезгич адамдарга |
| 201—300 | абдан ден соолукка зыяндуу | Ден соолукка коркунучтуу, мүмкүн болгон бардык калкка таасир этет |
| 300+ | коркунучтуу | Ден соолукка коркунучтуу, бардык адамдар олуттуу кесепеттерге дуушар болушу мүмкүн |
PM2.5 диаметри 2,5 микрондон кичине болгон катуу бөлүкчөлөрдү билдирет, бул адам чачынын диаметринин 30 эсе кичине. Бул бөлүкчөлөрдүн курамына чаң, күкүрт, кокс, ошондой эле абадагы сульфаттар жана нитраттар кирет. Бул заттар ири шаарларга мүнөздүү аба сапатынын начарлашына алып келет.
Дүйнөлүк аба сапатынын рейтингинде 14-январда Бишкек 3-орунду ээлейт (саат 17:00гө карата).
Булганган абадан коргонуу боюнча сунуштар:
- булганган абанын киришин алдын алуу үчүн терезелерди жабыңыз;
- маска кийиңиз;
- сыртта физикалык активдүүлүктү азайтыңыз;
- аба тазалагычтарды колдонуңуз.