Лавров: Киев Путиндин резиденциясына дрондор жиберди. Трамптын реакциясы
Кечээ, 28-декабрдан 29-декабрга караган түнү Киев Россия президентинин Новгород облусунда жайгашкан резиденциясына дрондорду колдонуп кол салуу жасады. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров маалымдады. Владимир Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков бул окуянын жоопсуз калбай турганын белгиледи. Ал ошондой эле Путин бул кырдаалды Дональд Трамп менен жакында болгон сүйлөшүүдө талкуулаганын кошумчалады.