Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинин маалымат кызматы берген маалыматка ылайык, 2025-жылы республика боюнча жарандар менен 150 миң сомдук 13 миң 331 контрактка кол коюлган.
Министрликтин өкүлдөрү 150 миң сомго чейин сумма жогорулатуу социалдык контракт программасына үй-бүлөлөрдүн активдүү катышуусуна өбөлгө түзгөнүн, бул болсо үй-бүлө мүчөлөрүнүн финансылык абалын жакшыртканын, ар кандай бизнес тармактарында алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатканын, ошондой эле коомдук пайдалуу ишмердүүлүктө эмгек жана мүлк ресурстарын пайдаланууга жардам бергенин белгилешти. Бул ошондой эле бизнес багыттарын кеңейтүүгө жана кичи ишкерликтин өнүгүшүнө көмөк көрсөткөн.
2025-жылы аталган программа алкагында 13 миң 964 жаңы жумушчу орун түзүлгөн, анын 90%ын айылдык аймактардан келген аялдар түзгөн.
Социалдык контракттын катышуучулары ар кандай бизнес секторлорунда иш алып барышууда, алардын арасында:
- агрардык сектор — 77,7%,
- кызмат көрсөтүү тармагы — 8,9%,
- өндүрүү — 7,3%,
- соода — 6,1%.
Мындан тышкары, ишкердик демилгелерди колдоо үчүн, программа катышуучулары өзүнүн бизнес-пландарына ылайык 200 миң сомго чейин 3 жылга чейин пайызсыз кредит алууга укуктуу. 2025-жылы 1101 социалдык контракттын катышуучусу бизнесин өнүктүрүү үчүн ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланган.
Ошондой эле, Министрликте аймактардагы социалдык инфраструктураны жакшыртууга багытталган коомдук акы төлөнүүчү иштерди уюштуруу алкагында 10 миң 716 жумушчу орун түзүлгөнүн жана 711 жаңы жеке жардамчы орундары түзүлгөнүн белгилешти.