
2014-жылдан бери 400дөн ашык бала фостердик үй-бүлөлөрдөн жардам алышты.
Кыргызстанда фостердик үй-бүлөлөр системасынын өнүгүшү уланууда, анын үчүн Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлиги жооп берет. Ар жылы келечектеги фостердик ата-энелерди даярдоого жана мындай үй-бүлөлөрдө балдарды кармоого бюджеттик каражаттар бөлүнөт.
Учурда өлкөдө 114 фостердик үй-бүлө иштеп жатат, анда 250 бала тарбияланууда. Ошондой эле фостердик ата-эне болууга 31 талапкер катталган. 2014-жылдан бери 400дөн ашык бала фостердик үй-бүлөлөрдүн кызматтарынан пайдаланышкан.
Министрликтин регионалдык башкармалыктары фостердик үй-бүлөлөрдө балдардын камкордугу жана тарбиялоо стандарттарына ылайыктыгын туруктуу мониторинг жүргүзүп турушат.
Фостердик үй-бүлөлөрдүн кызматтарын берүү тартиби Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-декабрындагы № 622 токтому менен жөнгө салынат.
Сүрөт www