Алиев пенсиялардын жогорулашы төмөнкүдөй болгонун билдирди:
- 2022-жылы — 33 пайызга;
- 2023-жылы — 38 пайызга;
- 2024-жылы — 18 пайызга;
- 2025-жылы — 12 пайызга.
Анын айтымында, 2021-жылы Социалдык фонддун пенсияларга карата бюджети 52 миллиард сомду түзгөн, бирок азыр бул сумма 64 миллиард сомго жогорулаган.
Бул билдирүү депутаттардын 2026-жылы Социалдык фонд пенсияларды эмне үчүн 10 же 15 пайыз эмес, болгону 7 пайызга жогорулатуу пландалып жаткандыгы боюнча суроолоруна жооп катары айтылды.
Мурда Бактияр Алиев 2026-жылга карата пенсияларды 7 пайызга жогорулатуу пландалып жатканын, бюджеттин 1 миллиард 200 миллион сомду түзөрүн билдирген.