
Бул маалыматты премьер-министр Адылбек Касымалиев билдирди
Ал өзүнүн сөзүндө 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча адам башына эсептегенде ИДП 2513 долларды түзгөнүн, бул 2021-жылга салыштырганда 86%га көп экенин белгиледи. Келечектеги жылы анын 2800 долларга чейин жогорулашы күтүлүүдө.
«2024-жылы негизги капиталга болгон инвестициялардын көлөмү 283,2 миллиард сомго жетти, бул 18,1%га өсүш»,- деп баса белгиледи өкмөт башчы.
Ал ошондой эле акча-кредит саясаты улуттук валюта — сомдун туруктуулугун сактоого багытталганын айтты.
«Импорттук инфляция сыяктуу тышкы чакырыктарга карабастан, өлкөдө макроэкономикалык туруктуулук сакталууда, бул узак мөөнөттүү өсүш жана инвестицияларды тартуу үчүн шарттарды түзөт»,- деп кошумчалады ал.
Сүрөт www