
IV Элдик курултайда Кыргызстан президенти Садыр Жапаров акыркы үч жылда «Кумтордон» таза киреше $2 миллиардды түзгөнүн билдирди.
2025-жылы ишкана $678 миллион таза киреше тапканын белгиледи.
Мындан тышкары, ААК «Кыргызалтын» 200 миллион доллар киреше алган, ал эми мурда дотацияга муктаж болгон «Макмал» компаниясы 670 миллион киреше тапкан. Ошондой эле «Кыргыз темир жолу» да ушундай натыйжаларды көрсөтүүдө, деп кошумчалады Жапаров.
Президент өлкөнүн экономикасы акыркы жылдары олуттуу өсүштү көрсөтүп жатканын жана бул багытта иш алып баруу улантыларын баса белгиледи.