Минздрав: Кыргызстанда 23 миң медик жетишпейт

Сергей Мацера Коом
VK X OK WhatsApp Telegram
Саламаттык сактоо министрлиги: Кыргызстанда 23 миң медициналык кызматкер жетишпейт

Медициналык кадрлардын жетишпей жатышынын себебин ведомствонун башчысы айтты


Кыргызстанда 23 миң медициналык кызматкер жетишпейт, бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Каныбек Досмамбетов парламенттин комитетинин жыйынында билдирди.

Анын маалыматына ылайык, министрликтин штаттык расписаниесинде 88 миң кызматкер болушу керек, бирок учурда болгону 65 миң адам иштөөдө. Жетишпей жаткан адистердин жалпы санынын ичинен 6,5 миңи — дарыгерлер, 8,5 миңи — медайымдар, 3,5 миңи — санитардык кызматкерлер жана болжол менен 2 миңи — техникалык адистер.

Бул кадр жетишсиздигинин негизги себеби — төмөнкү эмгек акы.

Ошентсе да, министрдин милдетин аткаруучу коррупция менен күрөшүүнү улантаарын белгилеп, бул себептен кызматынан кетүүнү чечкендерди эч ким кармап калбай турганын кошумчалады.

Депутаттар Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасынын мамлекеттик медициналык академиясына «Улуттук» статусун берүү боюнча мыйзам долбоорун талкуулашты.

Эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, 23 медициналык окуу жайы аккредитациядан өтүүгө милдеттүү болот, ал эми белгиленген талаптарга жооп бербеген мекемелер жабылат.

Сүрөт www
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: