
Ири пара алуу боюнча шектелүүдө
Грузиянын мамлекеттик коопсуздук кызматынын мурдагы жетекчиси Григол Лилуашвили укук коргоо органдары тарабынан кармалды. Бул маалымат Грузиянын башкы прокурору Георгий Гваракидзе тарабынан жума күнү өткөн пресс-конференцияда айтылды, деп билдирет «Синьхуа Новости» агенттиги.
Гваракидзенин маалыматына ылайык, Лилуашвили бир нече кылмыштарда, анын ичинде алдын ала сүйлөшүп алып, ири өлчөмдө пара алуу боюнча шектелүүдө. Бул кылмыш 11ден 15 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасын тартууга алып келиши мүмкүн.
Прокуратура Лилуашвилини камакка алуу чарасы катары кармоону талап кылууда.
2019-жылдын 17-октябрынан 2025-жылдын 2-апрелине чейин Лилуашвили Грузиянын мамлекеттик коопсуздук кызматынын жетекчиси болуп иштеген.
Сүрөт www