
2025-жылы Кыргызстан интеллектуалдык эсептегичтерди орнотууда маанилүү жетишкендиктерге жетти, бул тууралуу өлкөнүн Энергетика министрлиги маалымдады.
Жылдын башында «Кыргызстандын Улуттук электр тармагы» акционердик коомунун алдында 500 миң мындай түзмөктү орнотуу милдети турган, бүгүнкү күндө бул максат ийгиликтүү аткарылды.
Орнотулган эсептегичтердин арасында:
• Бишкек — 28 605 даана;
• Чүй облусу — 114 884 даана;
• Талас облусу — 36 900 даана;
• Ош облусу — 108 907 даана;
• Баткен облусу — 45 912 даана;
• Жалал-Абад облусу — 82 903 даана;
• Ысык-Көл облусу — 47 929 даана;
• Нарын облусу — 33 960 даана.
Интеллектуалдык эсептегичтерди киргизүүнүн негизги максаты электр энергиясын бөлүштүрүүнү оптималдаштыруу, анын керектелишин көзөмөлдөө, алыстан тейлөө жана эсептөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.
Интеллектуалдык эсептегичтердин артыкчылыктары:
• маалыматтарды серверге реалдуу убакытта автоматтык түрдө өткөрүп берүү;
• жабдууларды жүктөмдөн коргоо;
• эсептегичтин ишине кийлигишүү аракеттери жөнүндө кабарлоо;
• карыз болгон учурда электр энергиясын автоматтык түрдө өчүрүү жана карыз төлөнгөндөн кийин кайрадан туташтыруу.
Маалымат үчүн: 2022-жылдан 2025-жылга чейин АСКУЭ алкагында 724 290 эсептөө прибору алмаштырылып, туташтырылды:
• 2022-жылы — 36 905 даана;
• 2023-жылы — 55 357 даана;
• 2024-жылы — 131 149 даана;
• 2025-жылы — 500 879 даана.
Электр энергиясын камсыздоо боюнча суроолор боюнча төмөнкү номерлерге байланышсаңыз болот:
105, 1209, 0772 00 1209, 0556 00 1209, 0702 00 1209 (WhatsApp).