Кандидатураны президент Садыр Жапаров сунуштады.
Дайындаууга 77 депутат колдосо, 1 депутат каршы добуш берди.
Гульзат Исаматова 1983-жылдын 21-апрелинде жарык дүйнөгө келген.
Билими:
- 2005 — Бишкек гуманитардык университети, К.Карасаев атындагы;
- 2011 — КР Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясы, аспирантура;
- 2014 — КР Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясы;
- 2014 — КР өкмөтүнүн алдындагы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академия, магистратура;
- 2022 — Бишкек мамлекеттик университети, К.Карасаев атындагы.
Ал саясий илимдер боюнча кандидат (2023) жана «Саясат таануу» адистиги боюнча доцент (2025) болуп саналат. Гульзат чыгыш таануу, кытай тили, саясат таануу, эл аралык мамилелер жана педагогика тармагында адистешкен.
Тилдерди билүү: кыргызча, орусча, англисче, кытайча.
Кесиптик тажрыйба:
- 07.09.2005 – 11.02.2006 — Бишкек гуманитардык университетинин Кытай факультетинде окутуучу;
- 02.04.2008 – 08.02.2011 — КР Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясында эл аралык мамилелер бөлүмүнүн начальниги;
- 09.02.2011 – 14.05.2012 — Кыргыз улуттук университетинде, Кыргыз-Кытай институтунда улук окутуучу;
- 01.11.2011 – 16.01.2013 — Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында эл аралык мамилелер бөлүмүнүн орун басары жана Конфуций классынын директору;
- 10.01.2013 – 03.12.2021 — Бишкек мамлекеттик университетинин Конфуций институтунун директору;
- 03.12.2021 – 01.03.2023 — Бишкек мамлекеттик университетинде эл аралык мамилелер жана инвестициялар боюнча проректор;
- 01.03.2023 – 05.02.2024 — Бишкек мамлекеттик университетинин кытай филологиясы кафедрасында доценттин милдетин аткаруучу;
- 06.02.2024 – 18.03.2024 — Билим берүү жана илим министрлигинде министрдин кеңешчиси;
- 06.02.2024 – 19.03.2024 — Бишкек мамлекеттик университетинин Конфуций институтунун директору;
- 19.03.2024 – 24.12.2025 — Бишкек мамлекеттик университетинде эл аралык мамилелер жана инвестициялар боюнча проректор;
- 24.12.2025 — илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин милдетин аткаруучу.