Өткөн жыл менен салыштырганда, бул көрсөткүч болжол менен 45 пайызга өскөн.
Өсүштүн негизги факторлору шаардагы жаңы автобустардын санынын көбөйүшү жана акчасыз төлөм системасынын ийгиликтүү киргизилиши болду.
Орточо алганда, бир айда 13,4 миллион акчасыз сапар жүргүзүлүп, бул күнүнө болжол менен 440 миң сапарды түзөт.
Октябрь рекорддук ай болуп, 15 миллион акчасыз сапардан ашык катталган.
Бекжан Акматбеков акчасыз сапарлардын жылдар боюнча динамикасын сунуштады:
- 2022-жыл — 7 миллион акчасыз сапар;
- 2023-жыл — 24 миллион;
- 2024-жыл — 110 миллион;
- 2025-жыл — 160 миллион.
Долбоор 2020-жылдан бери иштеп жатат, бирок анын толук ишке кириши 2023-жылдын августунда болду.
Күн сайын маршруттарга орточо 1 миң 27 автобус чыгып турат.
Маанилүү маалымат, автобус менен акчасыз төлөм 17 сом, ал эми акча менен 20 сом турат.