СК "Нурзаман" колдоосу менен "Эне уйу" борбору ачылды. Бул жерде балдарды жетим болууга жол бербейт.
Соңку беш жылда Кыргызстанда 100дөн ашык ташталган жаңы төрөлгөн балдар табылган. Алар көчөлөрдө, үйлөрдүн эшигинде же таштанды контейнерлеринде ташталып калган, ал эми кээ бир энелер төрөт үйүндө баш тартуу жазып кеткен. Мамандырдын пикири боюнча, мындай учурлар биринчи кезекте финансылык кыйынчылыктар жана кризистик абалдагы аялдар үчүн колдоо жоктугу менен байланыштуу. Туруктуу киреше жана турак жай жок, көптөгөн аялдар кыйын тандоонун алдында калып, баладан баш тартуу чечимин кабыл алышат.