Джети-Огуз районунда 600 балага жаңы жылдык белектер тапшырылды

Виктор Сизов Коом
VK X OK WhatsApp Telegram
Джети-Огуз районунда 600 бала жаңы жылдык белектерди алышкан акция өткөрүлдү.

Маалыматка ылайык, 29-декабрда жергиликтүү мектептердин мыкты окуучуларына арналган майрамдык иш-чара жаңы жылдык шырша алдында уюштурулган. Бул иш-чарага Джети-Огуз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Э. Бахавадинов катышты.

Өзүнүн сөзүндө район акими балдарды, алардын ата-энелерин жана педагогдорду 2026-жыл менен куттуктап, ден-соолук, ийгилик жана бакубаттык каалады. Иш-чаранын алкагында райондун бардык бурчтарынан келген 600 балага жаңы жылдык белектер тапшырылды.

VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: