Жолугушууда Ташиев билим берүү мекемесинин кызматкерлерин жана окуучуларын келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктап, аларга ден-соолук жана бакубатчылык каалады. Ал мектептеги жаңылануу балдардын жакшы өнүгүшүнө жана окуусуна жардам берет деп белгиледи. Ошондой эле ГКНБнын атынан жаңы жылдык белектер тапшырылып, бир миллион сомдук финансылык колдоо көрсөтүлдү. Окуучулар болсо, бул окуяны белгилөө үчүн майрамдык программа даярдашты.











Мектеп-интернаттын жетекчилиги Камчыбек Ташиевге жана ГКНБнын бардык кызматкерлерине окуучуларга көрсөтүлгөн колдоо жана көңүл бурулгандыгы үчүн терең ыраазычылык билдиришти. ```