


Талас районунда, Чон-Токой айылында, суу камсыздоо системасын түзүү боюнча курулуш долбоорунун инспекциялык текшерүүсү учурунда олуттуу мыйзам бузуулар аныкталды.
Курулуш министрлиги тарабынан берилген маалыматка ылайык, объектти долбоорлоодо жана курууда күчүндө болгон курулуш нормалары, техникалык регламенттер жана башка тиешелүү мыйзамдар сакталбай калган.
Текшерүүнүн натыйжасында мыйзам бузуулар боюнча акт түзүлүп, подряддык уюм ОсОО «НТ ГРУПП-СТРОЙ» 200 миң сомго айыпталды. Бул окуя Мыйзам бузуулар боюнча Бирдиктүү реестрге катталды.