Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Талантбек уулунун айтымында, жергиликтүү тургундардын суроолоруна жооп катары бюджеттен 70 электр мамысын сатып алууга каражат бөлүнгөн. Сатып алуунун жалпы баасы 1 млн 71 миң сомду түзүп, алардын орнотуу иштери башталды.
Жаңы электр мамылары жана электр өткөргүч линиялары төмөнкү көчөлөрдө орнотулат:
- Дуйшеева
- Колдук
- Курманжан-датка
- Жумалиева
- Танаева
- Батаева
- Ак-Тилек
- Алымкулова
Руслан Талантбек уулу бул иш-чаралар аталган айылдык аймактагы калктуу пункттардын электр энергиясын камсыздоосун жакшыртууга багытталганын белгиледи.