Берилген маалыматтар боюнча, эл аралык турнирдеги сыйлыкка ээ болгон спортчулар акчалай сертификаттарды алышты: биринчи орун үчүн 15 000 сом, экинчи орун үчүн 10 000 сом жана үчүнчү орун үчүн 7 000 сом, бул Хан-Теңири айыл өкмөтүнүн колдоосу менен мүмкүн болду.
Өзүнүн тарбиялануучуларына жардам берип, ар тараптуу колдоо көрсөткөн машыктыруучулар да сыйланды, 20 000 сомдук сертификаттарды алышты.
«Таяк тартышу» категориясында:
- Касиет Мухамедова — 70 кг салмак категориясында 7-чи дүйнө чемпионатында I орун, Архангай, Монголияда өткөн.
- Фатима Абыкенова — II орун.
Грек-рим күрөшүндө:
- Санжар Түргөнбаев — Казакстандагы эл аралык турнирдеги II орун.
- Бакыт Турдубеков — Казакстандагы II орун.
- Элдар Элчиев — III орун.
- Алим Аликов — Тон районундагы эл аралык турнирдеги III орун.
- Нурэдин Жолочиев — III орун.
- Ислам Жайлообаев — III орун.
- Алтынай Өмүрбекова — Болгариядагы дүйнө чемпионатында I орун.
- Асем Маликова — Болгариядагы дүйнө чемпионатында III орун.
- Мөлмөл Акимкожо кызы — дүйнө чемпионатында III орун.
- Сезим Турсунова — дүйнө чемпионатынын катышуучусу.
20 000 сомдук сертификатка ээ болгон машыктыруучулар:
- Талант Жадыбаев — армрестлинг.
- Арген Абдыбеков — таяк тартыш.
- Самагат Жумабаев — футбол.
- Камчыбек Абдыбеков — күрөш.