КРнын президенти РФ командасын Дүйнөлүк кочмандар оюндарына катышууга чакырды
Бүгүн, 25-февралда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Президентине эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүл Михаил Швыдкой менен жолугушту. Жолугушуунун күн тартибинде кыргыз-россия маданият жана гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси каралды.