
Канатбек Маматов Бишкек мэриясынын дене тарбия жана спорт, ошондой эле туризм жана жаштар саясаты департаментинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы маалымдады.
Маматов буга чейин ошол эле департаментте окуу-спорттук жана массалык иш-чаралар бөлүмүнүн жетекчиси кызматын аркалаган.
Директордун орун басары болуп Рустам Алишеров дайындалды, ал буга чейин мэриянын борбордук аппаратынын уюштуруу-контроль иши башкармалыгында чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүндө башкы инспектор болуп иштеген.
Буйрукка кол койгон мэр Айбек Джунушалиев.