



Ош шаарында Даун синдромунан жабыркаган балдар үчүн жаңы көп функциялуу ресурс борборунун салтанаттуу ачылышы болду. Бул долбоор «Сантерра-Юг» коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан демилгеленип, атайын муктаждыктары бар балдардын социалдык адаптациясына, алардын үй-бүлөлөрүн колдоого жана коомго интеграциялоого жардам берүүгө багытталган.
Иш-чарада Ош шаарынын мэри Женишбек Токторбаев катышып, борбордун иши менен таанышып, балдар жана алардын ата-энелери менен байланышып, ар кандай иш-чараларда катышты.
Мэр өз сөзүндө мындай социалдык демилгелердин маанилүүлүгүнө көңүл бурду. Женишбек Токторбаев атайын муктаждыктары бар балдарды колдоо жана алардын толук кандуу өнүгүшү үчүн шарттарды түзүү шаардык мэриянын социалдык саясатынын негизги багыттарынын бири экенин белгиледи.
«Сантерра-Юг» фондунун маалыматы боюнча, учурда түштүк Кыргызстандан 300дөн ашык үй-бүлө катталган, алардын 70и Ош шаарынын тургундары. Борбор балдардын жашоо көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жардам берип, ата-энелерге социалдык, психологиялык жана маалыматтык жардам көрсөтөт. ```