











Ош шаарында «Айданек» балдар бакчасы капитальный ремонттон өтүп, кайрадан балдарды кабыл алууга даяр. Бул тууралуу шаардык мэрия маалымдады.
Ачылышта мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жаңыртылган шарттар менен таанышууга мүмкүнчүлүк алган ата-энелер катышты.
Эскерте кетсек, өлкө президенти Садыр Жапаров онлайн форматта Эл курултайы учурунда имаратты пайдаланууга берди.
370 орунга ылайыкталган балдар бакчасы мурда жаман абалда болуп, иштөөгө кыйынчылыктар жараткан. Мэрдин демилгеси менен объект толук жаңыртылды. Эми бул жерде заманбап шарттар, жаңы оюн аянтчалары, альтанкалар жана отургучтар бар.
Мындан тышкары, балдар бакчасынын аймагында мыйзамсыз курулуштар алынып салынды, бул 12 сотых жерди мекеменин карамагына кайтарууга мүмкүндүк берди.
«Курулуш 2025-жылдын сентябрь айында башталып, декабрь айында аяктады. Жаңыртылган «Айданек» балдар бакчасында 670 бала билим ала алат», - деп кошумчалашты мэриядан. ```