Ошто драма театрынын жанына жаңы гүл базары ачылды

Юлия Воробьева Коом
VK X OK WhatsApp Telegram
Кечээ Ош мамлекеттик драма театрынын жанында жаңы гүл базарынын салтанаттуу ачылышы болду, деп билдирет Turmushтун кабарчысы.

Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Женишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, ошондой эле жергиликтүү администрациянын өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.

«Бул базар заманбап стандарттарга ылайык иштелип чыккан жана айнек конструкциялар менен жабдылган. Сатуучүлөрдүн ыңгайлуу иштөөсү үчүн бардык шарттар түзүлгөн», - деди мэр.

Проекттин сметалык баасы 14 миллион 500 миң сомду түздү, жана мэриянын маалыматына ылайык, курулуш инвесторлордун эсебинен каржыланган.

Мурда, рейд учурунда Женишбек Токторбаев гүл сатуу пункттарын Курманжан Датка көчөсүнөн жаңы аянтчага көчүрүүнү тапшырган. Бул участок мурда таштандыга толуп, каралбай калган», - деп кошумчаланды билдирүүдө.

VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: