
Проекттин демилгечиси Ош шаарынын мэри Женишбек Токторбаев болду. Ачылыш салтанатында тукта Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу көтөрүлүп, андан кийин объект расмий түрдө пайдаланууга берилди.




Ачылыш салтанатына мэр, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, депутаттар, коңшу өлкөлөрдүн консулдары жана жергиликтүү тургундар катышты.
Мурда бул жерде автозаправка станциясы болгон, ал демонтаждалган. Андан кийин аймак жашылдандырылып, брусчатка төшөлүп, отургучтар орнотулган. Көрктөндүрүү идеясы Токторбаевдин жеке текшерүүсү учурунда пайда болгон.
Мэриядан белгилешкендей, КППнын аймагын көрктөндүрүү иштери коомдук мейкиндикти түзүүгө жана чек ара аймагынын көрүнүшүн жакшыртууга багытталган.