Кара-Кулда Жаңы жылга даярдык учурунда коопсуздук чаралары күчөтүлдү

Евгения Комарова Коом
VK X OK WhatsApp Telegram
25-декабрда Кара-Кулда жаңы жылдык майрамдар учурунда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында кошумча коопсуздук чаралары киргизилди, деп билдирет шаардык мэриянын маалымат кызматы.

Бул иш-чарага Кара-Кулдун мэри Нуртилек Орозбаев, ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин командиринин орун басары, милициянын полковниги Бакыт Айыпов, ошондой эле шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, ички аскерлердин 7706-чы бөлүгүнүн өкүлдөрү, өзгөчө кырдаалдар боюнча бөлүмдүн кызматкерлери, Баткен окуяларынын ардагерлери жана коммуналдык кызматтардын өкүлдөрү катышты.

«Жиында жаңы жылдын түнүндө жана майрам күндөрүндө жарандарды тейлөө боюнча конкреттүү көрсөтмөлөр жана сунуштар берилди», — деп белгиленет расмий билдирүүдө.

Ошондой эле коомдук жайларда жана майрамдык иш-чаралар өтө турган аянтчаларда патрулдук кызматты уюштуруу маселелери талкууланды. Күч структуралары жана кызматтар ортосунда өз ара аракеттенүү тартиби, ошондой эле оперативдүү жооп берүү жана кырдаалды көзөмөлдөө алгоритми аныкталды», - деп кошумчалашты маалымат кызматында.

VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: