
Иш-чаранын жүрүшүндө мэр коомдук тартипти камсыздоо жана мыйзамды сактоо маанилүүлүгүн белгилеп, адамдардын көп чогулган жерлеринде, соода-ойноо борборлорунда жана эс алуу зоналарында мыйзамдын сакталышы керектигин айтты. "Мен сиздердин кесипкөйлүгүңүздөр жана жоопкерчилигиңиздер майрамдарды тынч жана коопсуз өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет деп ишенем. Ар бир шаардык жана борборго келген конок Жаңы жылды комфорттуу жана коопсуз шартта өткөрүшү керек," — деп белгиледи А. Джунушалиев.
Патрулдук кызматтын башкармалыгына майрамдар учурунда жолдордогу коопсуздукту күчөтүү, ошондой эле алкогольдук мас абалда унаа айдоону алдын алуу боюнча профилактикалык чараларды активдештирүү тапшырылды.
Ошондой эле, ТЖМ жана акимдиктерге адамдардын көп чогулган объектилеринде өрт коопсуздугун жогорулатуу боюнча көрсөтмөлөр берилди, ал эми муниципалдык инспекция мыйзамсыз соода менен күрөшүү боюнча иш-чараларды уюштурууга, айрыкча жарандардын көп чогулган жерлеринде, белгиленген нормаларга жана санитардык талаптарга ылайык жүргүзүүгө милдеттендирилди.
Инструктажга 600 милиция кызматкери катышып, 45 транспорт каражаты тартылган. Жаңы жылдык майрамдар учурунда борбордун милициясы күчөтүлгөн иш режимине өтөт.
Иш-чара жеке курамдын салтанаттуу жүрүшү менен аяктады.