Министрликтин маалыматына ылайык, Жаңы жылдык майрамдар алдында ярмаркалар күн сайын өткөрүлөт.

Ярмаркалардын жүрүшүндө борбордун тургундары базар баасынан төмөн баада азык-түлүк сатып ала алышат, бул министрликте да тастыкталды.
Бишкектеги ярмаркалар Т. Усубалиев атындагы аянтта, Раззаков жана Абдумомунов көчөлөрүнүн кесилишинде, ошондой эле Эркиндик бульварында өтөт.