
«Участкаларды сатып алып, адамдарга зыян келтиришет»
Бишкекте өткөн IV Элдик курултайда жеке курулуш компанияларынын ишин чектөө зарылдыгы тууралуу сунуш айтылды.
Бул демилгени борбордон келген делегат Бактыбек Шамбетов көтөрдү.
Ал белгиледи: «Жеке компаниялар жаңы конуштардагы тургундардан 5 сотых жер участокторун сатып алып, жеке сектордогу үйлөрдү бузуп, ошол жерлерде бийик көп кабаттуу үйлөрдү салып, кийинчерээк бөлүп-бөлүп сатышат. Бул, албетте, бизнес, бирок мындай курулуш коңшу райондордун тургундарына ар кандай кыйынчылыктарды жаратат. Ошол эле учурда жер пайдалануу нормалары эске алынбайт, участоктордун чектери сакталбайт, автоунаа токтотуучу жайлар, балдар аянтчалары жана жашыл зоналар жок. Курулуш жергиликтүү тургундардын макулдугу менен жүргүзүлүшү керек», - деп баса белгиледи.
Сүрөт www