Курултайда Бишкектин райондорунун аттарын өзгөртүү сунушу айтылды

Наталья Маркова Коом
VK X OK WhatsApp Telegram
Экинчи күнү Элдик курултайда Бишкектен келген делегат борбордун райондорунун аттарын өзгөртүү зарылдыгын айтты.

«Бишкекте төрт район бар: Ленин, Октябрь, Свердлов жана Первомай. Алардын аттарын жаңыртуунун убактысы келди. Кайсы аттар болушу керектигин калк менен талкуулоо керек», — деди ал.

Мурда ушундай эле сунушту Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Тургунбек уулу 2022-жылы I Элдик курултайда айтканын эске салуу керек. Бул маселе парламенттин айрым депутаттары тарабынан бир нече жолу көтөрүлгөн.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: