ГКНБ мамлекетке Ош шаардык жүк ташуучу автотранспорт ишканасынын аймагын кайтарды
3-февралда ГКНБнын маалымат кызматында Ош шаардык жүк ташуу ишканасынын (ПАТП-1) аймагын мыйзамсыз приватизациялоо фактысы аныкталганы тууралуу билдиришти. Кызматтын адистери 2000-жылдардын башында аталган ишкананын мурдагы жетекчиси мыйзамсыз жерди өзүнө ыйгарып, андан кийин жерди бир нече бөлүккө бөлүп, аны өзүнө байланыштуу адамдарга каттап койгонун аныкташты.