
Европалык климатты мониторингдөө кызматы Copernicus (C3S) берген маалыматка ылайык, 2025 жыл метеорологиялык байкоолордун тарыхында эң жылуу үч жылдын катарына кирди.
C3Sтин орун басары Саманта Берджесс 14-январда «Глобалдык климаттык көрсөткүчтөр» аттуу жаңы отчетту сунуштап, «2025 жыл 2023-жылдан бир аз суук болду, ал эми 2024-жыл байкоолор башталгандан бери эң жылуу жыл болуп калууда» деп белгиледи.
Анын айтымында, өткөн жыл климаттык өзгөрүүлөр боюнча жаңы рекорддорду орнотту: 2025-жылдагы орточо температура 2023-жылдан 0,01 градус Цельсийге, ал эми 2024-жылдан 0,13 градуска төмөн болду.
2023-2025 жылдардагы орточо температура индустриалдык доорго чейин 1,5 градус жогору болду
Изилдөөлөр 2023-жылдан 2025-жылга чейин орточо глобалдык температура индустриалдык доорго чейин 1,5 градуска жогору болгонун көрсөтөт. Бул үч жылдык мезгилде мындай өсүш биринчи жолу катталууда, отчеттун авторлору баса белгилешет.
Эгер учурдагы климаттын өзгөрүү темптери сакталса, 2015-жылдагы Париж келишими менен белгиленген 1,5 градус Цельсий глобалдык жылуулук чеги ушул он жылдыктын аягына чейин ашып кетиши мүмкүн — күтүлгөн мөөнөттөн он жыл мурда.
Жер жылый берүүдө
2025 жыл мурдагы жылдан жылуу болбогонуна карабастан, адистер узак мөөнөттүү перспективада глобалдык температуранын өсүп жатканын баса белгилешет. Бул процесс парник газдарынын чыгарылышын кескин кыскарткан учурда да уланат, анткени бул заттар атмосферада узак убакыт бою калат. Copernicus атмосфералык кызматынын адиси Лоранс Руиль CO2 үчүн бул жүздөгөн жылдар жөнүндө экенин түшүндүрдү.
Кээ бир аймактарда 2025 жылдагы температура орточо деңгээлден төмөн болду, бирок бул климаттык өзгөрүүлөр үчүн нормалдуу көрүнүш. Берджесс: «Суук аймак климаттын өзгөрүүсү жок дегенди билдирбейт. Глобалдык контекстти эске алуу маанилүү» деп белгиледи.
Copernicus директору Карло Буонтемпо улантылып жаткан глобалдык жылуулук тренди ачык экенин баса белгиледи. «Дүйнө Париж келишими менен макулдашылган узак мөөнөттүү температура чегине ылдам жакындап жатат», — деп эскертти ал. — «Биз аны сөзсүз ашып кетебиз. Бул сөзсүз ашып кетүүнү жана анын коомго жана экосистемага тийгизген кесепеттерин кантип эң жакшы жол менен башкаруу керектигин аныктоо зарыл».