Монголия Дүйнөлүк ат күнү өткөрөт
Монголия биринчи жолу 2026-жылдын 11-13-июлунда Улан-Батордун четинде жайгашкан Хуй Долоон Худагда өтө турган Дүйнөлүк ат күнү боюнча кеңири масштабдагы майрамдын ээси болот. Дүйнөнүн 56 өлкөсүнөн 10 000 жигиттин катышуусу күтүлүүдө. Уюштуруучулар учурда ат ойноп, ат чабыш, традициялык дарылоо практикалары, маданий программалар жана өлкөнүн 21 аймагынан мурас өкүлдөрүн камтыган ар түрдүү иш-чаралар программасын түзүү үстүндө иштеп жатышат.