Улуттук статистика комитети 2025-жылга жашоо минимуму тууралуу маалыматты жарыялады. Орточо алганда, ал айына адам башына 8 697,32 сомду түзөт.
Эмгекке жарамдуу калк үчүн жашоо минимуму 9 738,29 сом деңгелинде белгиленген (эркектер үчүн — 9 983,49 сом, аялдар үчүн — 9 694,40 сом). Пенсионерлер үчүн бул көрсөткүч 7 699,36 сом, ал эми балдар үчүн — 7 379,07 сомду түзөт.
Жашоо минимумунун негизги бөлүгүн азык-түлүк товарларына болгон чыгымдар түзөт — 5 653,26 сом, андан кийин кызматтар — 1 478,54 сом, азык-түлүк эмес товарлар — 1 391,57 сом жана салык жана жыйымдар — 173,95 сом.
