Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, түнкү сааттарда кар Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Нарын облустарынын көпчүлүк бөлүгүндө, ошондой эле Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаайт.
Күндуз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын кеңири аймагында жамгыр жана кар күтүлүүдө, ал эми тоолуу райондордо кар жаайт. Тоо этектеринде жана тоолордо кар катмары жана тайгактык болушу мүмкүн. Шамал батыштан 4-9 м/с ылдамдыкта эсет.
Температуралык көрсөткүчтөр:
- Чүй өрөөнү
түнкү -2...+3
күндүз +6...+11 - Суусамыр өрөөнү
түнкү -6...-11
күндүз -1...-6 - Талас өрөөнү
түнкү -1...-6
күндүз +4...+9 - Баткен облусу (агрардык зона)
түнкү +2...+7
күндүз +11...+16 - Ош жана Жалал-Абад облустары (өрөөндүк зона)
түнкү +2...+7
күндүз +11...+16 - Ысык-Көл облусу (агрардык зона)
түнкү -1...-6
күндүз +2...+7 - Нарын облусу (агрардык зона)
түнкү -8...-13
күндүз -4...+1 - Жогорку тоолуу зона
түнкү -15...-20
күндүз -2...-7
Бишкекте түнкү сааттарда жамгыр жана кар болушу мүмкүн, ал эми күндүз — жамгыр. Шамал батыштан 4-9 м/с ылдамдыкта эсет. Түнкү температура +1ден -3°га чейин өзгөрүп турат, күндүз +7...+9°га чейин жогорулайт.
Чолпон-Атада түнкү сааттарда кар күтүлүүдө, ал эми күндүз — жамгыр жана кар. Жолдордо кар катмары жана тайгактык болушу мүмкүн. Шамал батыштан, 4-9 м/с. Түнкү температура -1...-3°, ал эми күндүз +5...+7°га жетет.