Этот уровень качества воздуха классифицируется как өте ден соолукка зыяндуу.
Бишкектеги эң көп булганган үч жай:
1. Мадиев көчөсү - 350
2. Байтик айыл - 6
Бишкектеги абанын булганышынын негизги булагы PM2.5.
| Абанын сапатынын индекси AQI | Булгануу деңгээли | |
| 0—50 | жакшы | Абанын сапаты канааттандырарлык, булгануу аз жана норманын чегинде |
| 51—100 | канааттандырарлык | Абанын сапаты кабыл алынуучу, бирок айрым булгануучулар сезимтал топтор үчүн кооптуу болушу мүмкүн |
| 101—150 | сезимтал топтор үчүн ден соолукка зыяндуу | Булганууга сезимтал адамдарга таасир этиши мүмкүн, ал эми кадимки тургундар натыйжаларды байкабайт |
| 151—200 | ден соолукка зыяндуу | Ар бир адам ден соолук көйгөйлөрүнө туш болушу мүмкүн, айрыкча сезимтал адамдар көбүрөөк оор кесепеттерди баштан өткөрүшү мүмкүн |
| 201—300 | өте ден соолукка зыяндуу | Ден соолук үчүн кооптуу, бул бардык калкка таасир этиши мүмкүн |
| 300+ | кооптуу | Ден соолук үчүн кооптуу, бардык адамдар оор кесепеттерге туш болушу мүмкүн |
PM2.5 2,5 микрондон кичинекей катуу бөлүкчөлөрдү билдирет. Алардын диаметри адамдын чачынан 30 эсе кичине. Бул бөлүкчөлөр чаң, күкүрт, күйүүчү заттар, ошондой эле абада асма абалдагы сульфаттар жана нитраттардын аралашмасынан турат. Алар ири шаарларга мүнөздүү абанын сапатын начарлатууга себепкер болот.
15-январга карата Бишкек дүйнөдө абанын булганышы боюнча экинчи орунда турат (17:00).
• Абанын булгануусунан коргонуу боюнча сунуштар:
- булганган абанын киришин алдын алуу үчүн терезелерди жабыңыз;
- беткаптарды колдонуңуз;
- көчөдө физикалык активдүүлүктү чектөө аракетин жасаңыз;
- абаны тазалагычтарды колдонуу.