Ош шаарында ата-энесиз калган балдар үчүн үй курулууда
Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматынын сүрөтү Ош шаарында үй-бүлөлүк балдар үйүнүн курулушу ийгиликтүү уланууда. Бул маалыматты түштүк борборунун мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Мэр Женишбек Токторбаевдин айтымында, 28 батирге эсептелген көп кабаттуу үйдүн курулушу белгиленген графикке ылайык жүрүүдө. Негизги максат - "Лотос" жана "Алтын Уя" балдар үйлөрүндө тарбияланган балдарга турак жай берүү.