Бишкекте мас айдоочу документтерди текшерүү учурунда провокация уюштурду — УПСМ
Бишкекте рейд учурунда Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери Hyundai унаасын токтотушту, анын рулунда алкогольдук мас абалда турган эркек киши отурган. Бул тууралуу Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады. Ведомствонун маалыматына ылайык, айдоочуга документтерин көрсөтүү сунушталганда, ал туура эмес жүрүм-турум көрсөтө баштады: кыйкырып, өзүнө соккулар жасады, жолго жатып алып, милиция кызматкерлеринин аны жаракаттаганын билдирди. Мындан тышкары, ал уктап