
Шевченко, жыныстар аралык мушташтарды чоң ареналарда өткөрүү туура эмес деп эсептейт. «Мен машыгууларда көпчүлүк эркектерден техникалык жана физикалык жактан жогору болом, бирок аренада бул таптакыр туура эмес. Бул адамзаттын табиятында каршы келет жана көрүүчүлөр аны терс кабыл алат. Замандын тренддерине алданбаш керек», — деп кошумчалады ал. «Жыныстардын теңдиги — бул мен үчүн жакпай турган сөз. Аны айткан да кыйын. Аялдар бири-бири менен, эркектер болсо бири-бири менен атаандашышы керек», — деп жыйынтыктады чемпион.