Турнирге 20 жашка чейин оюнчулардан турган командалар катышат, алар 3В дивизионунда атаандаштыкка түшөт. Чемпиондук наам үчүн жана 3А дивизиона көтөрүлүү мүмкүнчүлүгү үчүн Кыргызстан, Мексика, Люксембург, Түштүк Африка, Иран жана Гонконг командалары күрөшөт.
Кыргызстандын командасынын оюндары төмөнкүдөй пландалган:
- 18-январь: Кыргызстан - Гонконг;
- 19-январь: Кыргызстан - Түштүк Африка;
- 21-январь: Кыргызстан - Иран;
- 22-январь: Кыргызстан - Люксембург;
- 24-январь: Кыргызстан - Мексика.
Бардык оюндар 20:00дө башталат.