Команданын башкы машыктыруучусу Эдмар Ласерда 24 оюнчудан турган тизмени сунуштады. Алардын ичинен турнириге акыркы арызга 23 футболчу кирет.
Учурда курама команда Бириккен Араб Эмирлигинде, Азия Кубогуна даярдыктын акыркы этабын өткөрүүдө.
23-декабрда кыргызстандыктар кытайлык кесиптештери менен достук оюндун өткөрүшүп, 0:1 эсебинде жеңилип калды. Командалардын кайрадан жолугушуусу 29-декабрга пландалган.
ОАЭдеги даярдык 2026-жылдын 2-январында аяктайт.
Жаштардын Азия Кубогунун финалдык этабы 6-январда Сауд Аравиясында башталат. Биринчи турунда Кыргызстандын курама командасы турниринин ээлери менен Джидда стадионунда беттешет.
Бул жарыяны Instagramда көрүңүз
Жарыя: 🇰🇬 Кыргыз Республикасы Улуттук футбол командасы (@kyrgyzkurama)