
Мальдивдердин борбору Мале шаарында өтүп жаткан Борбордук Азия волейбол ассоциациясынын (CAVA) эл аралык турниринин алкагында, Кыргызстандын аялдар курамы финалга чыкты.
Топтук этапта кыргызстандык кыздар Бангладеш жана Афганистан курамдарына каршы жеңишке жетишип, экинчи орунду ээлешти, бирок турниринин ээлери – Мальдивдерден жеңилип калышты.
24-декабрда өткөн жарым финалдык беттеште кыргызстандык кыздар кайрадан афганистандын курамына каршы чыгып, 3:1 эсебинде ишенимдүү жеңишке жетишип, финалда орун алууга кепилдик беришти.
Чечүүчү беттеште кыргызстандык команда Мальдивдердин курамына каршы чыгат. Финал 25-декабрга белгиленген.