Бул маалыматты Turmush агенттигине райондук билим берүү бөлүмүнүн методикалык кабинетинин жетекчиси Астра Асаналиева берди.
Анын айтымында, райондук этапка 578 окуучу катышып, биринчи жана экинчи орундарды ээлеген 21 окуучу облустук этапка катышууга мүмкүнчүлүк алышты. Бул деңгээлде Кочкор районунан 20 окуучу катышып, алардын 11и сыйлыкка ээ болушту.
11 сыйлыктын арасында: 3 окуучу биринчи орунду, 4 — экинчи, 4 — үчүнчү орунду ээлешти. Командалык эсепте Кочкор районунун командасы Нарын облусунда биринчи орунду алып, жеңиш менен кайтып келишти.
2025–2026-окуу жылында Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн облустук предметтик олимпиадасында I, II, III орундарды ээлеген окуучулардын тизмеси
| 1 | Кулубеков Сыймык Майрамбекович | 9-класс | Кыргыз тили жана адабияты (орус мектептери үчүн) | I | Нинакана Жундубаев атындагы орто мектеп | Бейшенакун кызы Гүлбарчын |
| 2 | Абылаева Айдай Акыйкатовна | 11-класс | Орус тили жана адабияты (орус мектептери үчүн) | I | Нинакана Жундубаев атындагы орто мектеп | Исмаилова Салтанат Абдиевна |
| 3 | Нурланова Акылай Нурлановна | 11-класс | Химия (база) | I | Бейшенбек Иманалиев атындагы орто мектеп | Супатаева Чолпон Токталиевна |
| 4 | Маратов Айбек Жодарович | 10-класс | Химия (база) | II | Ишеналы Арабаев атындагы орто мектеп | Мойденов Рысбек Алиевич |
| 5 | Шайырбекова Рабия Шайырбековна | 11-класс | Орус тили жана адабияты (орус мектептери үчүн) | II | Нинакана Жундубаев атындагы орто мектеп | Касымалиева Жылдыз Турсейитовна |
| 6 | Бактыбеков Даниял Бактыбекович | 10-класс | Англис тили (база) | II | Нинакана Жундубаев атындагы орто мектеп | Султаналиева Гүлбарчын Эсенкановна |
| 7 | Бектурганов Үмөт Азаматович | 11-класс | Информатика | II | Нинакана Жундубаев атындагы орто мектеп | Тезекчиева Элмира Биримкуловна |
| 8 | Бексултанова Фатима Маратовна | 11-класс | Кыргыз тили жана адабияты (орус мектептери үчүн) | III | Нинакана Жундубаев атындагы орто мектеп | Бейшенакун кызы Гүлбарчын |
| 9 | Абдырасулова Акбермет Бөрүбековна | 11-класс | Англис тили (база) | III | Осмона Айбашов атындагы орто мектеп | Абдыбек кызы Насыйкат |
| 10 | Орозобекова Алиман Кубатбековна | 11-класс | Биология (база) | III | Нинакана Жундубаев атындагы орто мектеп | Рахимова Лира Закировна |
| 11 | Суранчиев Дастан Майрамбекович | 11-класс | Информатика | III | Нинакана Жундубаев атындагы орто мектеп | Тезекчиева Элмира Биримкуловна |
Сыйлыктар арасында, 1–2 орундарды ээлеген 7 окуучу республикалык этапка катышууга мүмкүнчүлүк алышат.