Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги 2025-2026-окуу жылы үчүн мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын графигин жарыялады.
Сынак төрт этапта өтөт:
- Биринчи этап – мектептик (январь);
- Экинчи этап – райондук (февраль), ал облустардын райондорунда, ошондой эле Бишкек шаарында жана райондук маанидеги шаарларда уюштурулат;
- Үчүнчү этап – облустук (февраль), облустарды жана Бишкек, Ош шаарларын камтыйт;
- Төртүнчү этап – республикалык (март).
Олимпиада төмөнкү предметтерди камтыйт:
- Англис тили, математика, информатика, физика, химия, биология, география, тарых;
- Кыргыз тилинде окутуучу класстар үчүн:
- Кыргыз тили жана адабияты
- Орус тили жана адабияты
- Орус тилинде окутуучу класстар үчүн:
- Кыргыз тили жана адабияты
- Орус тили жана адабияты