Негизги жаңылыктардын бири республикалык жана эл аралык деңгээлдеги олимпиадаларга онлайн даярдыкты киргизүү болот. Бул багытта негизги предметтер боюнча тереңдетилген сабактар, жеке консультациялар, тестирлөө жана тапшырмаларды талдоо каралган. Министрликтин өкүлдөрүнүн айтымында, мындай демилге квалификациялуу олимпиадалык машыктыруучуларга жетпеген аймактардагы таланттуу балдарга тең мүмкүнчүлүктөрдү берүүгө жардам берет, анткени алар негизинен ири шаарларда топтолгон.
Экинчи багыт кыргыз, орус жана чет тилдери боюнча онлайн курстар менен байланыштуу болот, анда окуучулар даярдык деңгээлине жараша топторго бөлүнөт.
Мындан тышкары, белгилүү предметтер боюнча мугалимдердин жетишсиздиги байкалган билим берүү мекемелеринин окуучулары «Тунгуч» аркылуу ушул предметтерди үйрөнө алышат, өз мектептеринде кала беришет. Бул учурда баалар автоматтык түрдө «Күндөлүк» системасына өткөрүлөт.
Мектепке ошондой эле негизги жоболорго өзгөртүүлөрдү киргизбестен, билим берүү моделин өз алдынча тандоо укугу берилет. Мындан тышкары, сабактардын форматы такталат: синхрондук сабактар 45 мүнөт менен чектелет, ал эми асинхрондук билим берүү көбүрөөк ийкемдүү болуп, окуучуларга материалды өздөрүнө ыңгайлуу темпте үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Бул өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен болжол менен 6,5 миллион сом талап кылынат.
Салыштырма таблица:
| Учурдагы редакция | Сунушталган редакция | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Онлайн-мектеп «Тунгуч» пилоттук долбоору жөнүндө» 2025-жылдын 19-мартындагы № 136 токтому | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| 4. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигине: 1) онлайн-мектеп «Тунгучтун» иштеши боюнча уюштуруу-укуктук маселелерди чечүү; 2) онлайн-мектеп «Тунгучту» юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүү; 3) онлайн-мектеп «Тунгучка» А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектебинин интернатындагы имаратты пайдаланууга берүү; 4) жалпы билим берүү уюмдарындагы кечки жана сырттан окуу формаларын оптимизациялоонун натыйжасында бошонгон каражаттарды онлайн-мектеп «Тунгучтун» педагогикалык кызматкерлеринин, административдик-үй чарба, окуу-колдоо персоналынын эмгек акысына жумшоо; 5) Кыргыз Республикасынын билим берүү жана эмгек мыйзамдарына ылайык онлайн-мектеп «Тунгучка» педагогикалык кызматкерлерди кабыл алуу; 6) ушул токтомдон келип чыккан башка чараларды кабыл алуу. | 4. Кыргыз Республикасынын билим берүү министрлигине: 1) онлайн-мектеп «Тунгучтун» иштеши боюнча уюштуруу-укуктук маселелерди чечүү; 2) онлайн-мектеп «Тунгучту» юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүү; 3) онлайн-мектеп «Тунгучка» А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектебинин интернатындагы бешинчи кабаттагы бөлмөлөрдү пайдаланууга берүү; 4) жалпы билим берүү уюмдарындагы кечки жана сырттан окуу формаларын оптимизациялоонун натыйжасында бошонгон каражаттарды онлайн-мектеп «Тунгучтун» педагогикалык кызматкерлеринин, административдик-үй чарба, окуу-колдоо персоналынын эмгек акысына жумшоо; 5) Кыргыз Республикасынын билим берүү жана эмгек мыйзамдарына ылайык онлайн-мектеп «Тунгучка» педагогикалык кызматкерлерди кабыл алуу; 6) ушул токтомдон келип чыккан башка чараларды кабыл алуу. | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| Онлайн-мектеп «Тунгуч» жөнүндө убактылуу жобо | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| 8. Онлайн-мектептин милдеттери: 1) окуучуларга заманбап санариптик технологияларды колдонуу менен билим берүү программаларын синхрондук жана асинхрондук формада үйрөнүү мүмкүнчүлүгүн берүү; 2) билим сапатын контролдоо жана окуу жетишкендигин баалоо системасын уюштуруу, тестирлөө, аттестация жана алыстан окуу натыйжаларын мониторинг жүргүзүү; 3) окуучулар жана педагогдордун онлайн-коомун түзүү, бул билим берүү процессинин катышуучулары арасында билим, тажрыйба жана колдоо алмашууга көмөктөшөт; 4) билим берүү программаларын жана долбоорлорун биргелешип иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн башка билим берүү уюмдары жана мамлекеттик структуралар менен өнөктөштүк мамилелерди түзүү. 12. Онлайн-мектептин директору мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ваканттык кызматтарына конкурс өткөрүү боюнча белгиленген тартипте өткөрүлгөн конкурс боюнча дайындалат. 37. Онлайн-мектепте окуучуларды класстан класска өткөрүү онлайн-мектептин ички тартиби боюнча жүргүзүлөт, ал Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин жалпы талаптарына ылайык иштелип чыккан. 48. Онлайн-мектептеги онлайн-сабактардын узактыгы окуу электрондук материалдарын өздөштүрүү темпине жараша белгиленет. Онлайн-сабактардын узактыгы окуучулардын жашына, предметке жана билим берүү методикасына жараша өзгөрүлүшү мүмкүн. 49. Жылдык (календардык-тематикалык пландар) жана окуу планы онлайн-мектептин директору тарабынан бекитилет. 50. Онлайн-мектеп билим берүү процессин уюштуруунун моделин (предметтик, тьютордук, аралаш жана башка моделдер) өз алдынча аныктап жана ишке ашырат, билим берүү контентин иштеп чыгуучулар менен педагогикалык колдоо (тьюторлор) арасында функцияларды бөлүштүрүү менен, бул модель пилоттук долбоорду ишке ашыруу учурунда ушул жобого өзгөртүүлөрдү киргизбестен, анын максаттары жана милдеттерин сактоо шартында тууралануусу жана такталышы мүмкүн. 601. Онлайн-мектеп олимпиадалык резервге даярдоо үчүн предметтер боюнча онлайн-окутуу жүргүзүүчү атайын класстарды, топторду же билим берүү агымдарын түзүү укугуна ээ, анын ичинде жеке жана топтук интенсивдүү сабактар, онлайн-жыйналыштар жана машыгуулар. 602. Онлайн-мектеп мамлекеттик, расмий жана чет тилдери боюнча онлайн-курстарды ишке ашыруу үчүн даярдык деңгээлине жана окутуунун максаттарына жараша өзүнчө класстарды, окуу топторун же билим берүү агымдарын түзүү укугуна ээ. 63. Онлайн-мектеп: 1) онлайн-окутууну уюштуруу үчүн окуучуларда керектүү жабдыктардын (компьютер, планшет, ноутбук, Интернетке чыгуу, мобилдик байланыш) болушун мониторинг жүргүзөт, онлайн-мектептин педагогдору менен окуучулардын өз ара аракеттенүү форматтарын аныктоо максатында; 2) билим берүү ишмердүүлүгүн уюштурат (онлайн-мектеп иш режимин белгилейт, окуу планын эске алуу менен ар бир окуу күнү үчүн сабактардын расписаниясын түзөт. Сабактардын расписаниясы класстар боюнча дифференциацияны карайт жана сабактын өткөрүү убактысын 45 мүнөткө чейин аныктайт, билим берүү ресурстарын аныктайт, Интернетте иштешти камсыз кылат); 3) окуучуларды жана алардын ата-энелерин (укуктуу өкүлдөрүн) билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча маалымдайт, анын ичинде сабактардын расписаниясы, окуу предметтери боюнча учурдагы жана аралык контролдун графиги, консультацияларды өткөрүү; 4) окуу предметтеринин жумушчу программаларын тактоону көзөмөлдөө; 5) аралык аттестацияны өткөрүү формалары жана мөөнөттөрү боюнча окуу планында өзгөртүүлөрдү киргизүү, зарылчылык болсо, окуу предметтерине бөлүнгөн сааттардын санын өзгөртөт; 6) билим берүү программаларындагы (окуучу план, жумушчу программалар) өзгөртүүлөрдү кабыл алуу үчүн педагогикалык курамдын жыйналыштарын өткөрөт; 7) билим берүү программаларындагы өзгөртүүлөрдү бекитүү боюнча буйруктун долбоорун даярдайт; 8) онлайн-мектептин ишмердүүлүгүн, анын ичинде билим берүү процессинин натыйжалуулугун жана коюлган максаттарга жетүүнү анализдейди; 9) ата-энелерге (укуктуу өкүлдөрүнө) реалдуу убакыт режиминде же онлайн консультация берет; 10) колдонуучулар өз суроолоруна жооп алууга мүмкүнчүлүк берген чат-боттун жана ысык линиянын колдоо системасын ишке ашырат; 11) билим берүү ишмердүүлүгүнө катышкан окуучулардын санын күн сайын чогултат; 12) билим берүүнүн сапатын жана иштин натыйжалуулугун жакшыртуу үчүн зарыл болгон башкаруучу чечимдерди убагында кабыл алат. 81. Онлайн-мектептин каржылык чыгымдарын каржылоо Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин тиешелүү жылдардагы каражаттарынын чегинде, жалпы билим берүү уюмдарындагы кечки жана сырттан окуу формаларын оптимизациялоонун натыйжасында бошонгон каражаттардын негизинде жүргүзүлөт. | 8. Онлайн-мектептин милдеттери: 1) окуучуларга заманбап санариптик технологияларды колдонуу менен билим берүү программаларын синхрондук жана асинхрондук формада үйрөнүү мүмкүнчүлүгүн берүү; 2) билим сапатын контролдоо жана окуу жетишкендигин баалоо системасын уюштуруу, тестирлөө, аттестация жана алыстан окуу натыйжаларын мониторинг жүргүзүү; 3) окуучулар жана педагогдордун онлайн-коомун түзүү, бул билим берүү процессинин катышуучулары арасында билим, тажрыйба жана колдоо алмашууга көмөктөшөт; 4) билим берүү программаларын жана долбоорлорун биргелешип иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн башка билим берүү уюмдары жана мамлекеттик структуралар менен өнөктөштүк мамилелерди түзүү; 5) олимпиадалык резервге даярдоо үчүн республикалык жана эл аралык деңгээлдеги олимпиадаларга даярдык көрүү максатында тереңдетилген предметтер боюнча онлайн-окутууну уюштуруу; 6) мамлекеттик, расмий жана чет тилдери боюнча онлайн-курстарды уюштуруу жана ишке ашыруу, анын ичинде базалык, тереңдетилген жана интенсивдүү программалар форматында, санариптик билим берүү технологияларын, онлайн-платформаларды, алыстан билимди контролдоо жана жыйынтык аттестациясын колдонуу; 7) башка жалпы билим берүү уюмдарына онлайн-форматта белгилүү окуу предметтерине, курстарга жана (же) модулдарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, алардын билим берүү уюмунда тиешелүү педагогикалык кадрлардын жоктугу же жетишсиздиги учурларында, окуу натыйжаларынын жана баалоонун мамлекеттик маалымат системаларына, анын ичинде автоматташтырылган маалымат системасы «Күндөлүк» аркылуу өткөрүлүшүн камсыз кылуу жана алардын жалпы билим берүү уюмдары тарабынан таанылышын камсыз кылуу. 12. Онлайн-мектептин директору Кыргыз Республикасынын билим берүү министрлиги тарабынан белгиленген тартипте өткөрүлгөн конкурс боюнча дайындалат. 37. Онлайн-мектепте окуучуларды класстан класска өткөрүү онлайн-мектептин ички тартиби боюнча жүргүзүлөт, ал Кыргыз Республикасынын билим берүү министрлигинин жалпы талаптарына ылайык иштелип чыккан. 48.Онлайн-мектептеги онлайн-сабактардын узактыгы окуу электрондук материалдарын өздөштүрүү темпине жараша белгиленет. Онлайн-сабактардын узактыгы окуучулардын жашына, предметке жана билим берүү методикасына жараша өзгөрүлүшү мүмкүн. 49. Жылдык (календардык-тематикалык пландар) жана окуу планы онлайн-мектептин директору тарабынан бекитилет. Сабактардын өткөрүлүшү расписанияга ылайык жүргүзүлөт. 50. Онлайн-мектеп билим берүү процессин уюштуруунун моделин (предметтик, тьютордук, аралаш жана башка моделдер) өз алдынча аныктап жана ишке ашырат, билим берүү контентин иштеп чыгуучулар менен педагогикалык колдоо (тьюторлор) арасында функцияларды бөлүштүрүү менен, бул модель пилоттук долбоорду ишке ашыруу учурунда ушул жобого өзгөртүүлөрдү киргизбестен, анын максаттары жана милдеттерин сактоо шартында тууралануусу жана такталышы мүмкүн. 601. Онлайн-мектеп олимпиадалык резервге даярдоо үчүн предметтер боюнча онлайн-окутуу жүргүзүүчү атайын класстарды, топторду же билим берүү агымдарын түзүү укугуна ээ, анын ичинде жеке жана топтук интенсивдүү сабактар, онлайн-жыйналыштар жана машыгуулар. 602. Онлайн-мектеп мамлекеттик, расмий жана чет тилдери боюнча онлайн-курстарды ишке ашыруу үчүн даярдык деңгээлине жана окутуунун максаттарына жараша өзүнчө класстарды, окуу топторун же билим берүү агымдарын түзүү укугуна ээ. 63. Онлайн-мектеп: 1) онлайн-окутууну уюштуруу үчүн окуучуларда керектүү жабдыктардын (компьютер, планшет, ноутбук, Интернетке чыгуу, мобилдик байланыш) болушун мониторинг жүргүзөт, онлайн-мектептин педагогдору менен окуучулардын өз ара аракеттенүү форматтарын аныктоо максатында; 2) билим берүү ишмердүүлүгүн уюштурат (онлайн-мектеп иш режимин белгилейт, окуу планын эске алуу менен ар бир окуу күнү үчүн сабактардын расписаниясын түзөт. Сабактардын расписаниясы класстар боюнча дифференциацияны карайт жана сабактын өткөрүү убактысын 45 мүнөткө чейин аныктайт, билим берүү ресурстарын аныктайт, Интернетте иштешти камсыз кылат); 21) олимпиадалык резервге даярдоо үчүн предметтер боюнча онлайн-окутууну уюштурат, анын ичинде тереңдетилген онлайн-сабактарды, тестирлөөлөрдү, консультацияларды жана синхрондук жана асинхрондук формада башка билим берүү иш-чараларын өткөрөт; 22) онлайн-курстар боюнча онлайн-окутууну уюштурат, анын ичинде онлайн-сабактарды, сүйлөшүү практикаларын, интерактивдүү көнүгүүлөрдү, тил интенсивдерин, тестирлөөлөрдү жана синхрондук жана асинхрондук формада башка учурдагы жана жыйынтык контролдорун өткөрөт; 23) педагогикалык максатка жараша асинхрондук сабактардын форматын, узактыгын жана мезгилдүүлүгүн аныктайт, бул учурда билим берүү процессинин негизги форматы асинхрондук формада, синхрондук сабактар потоктук сабактар формасында колдонулуп, ишке ашырылат. 3) окуучуларды жана алардын ата-энелерин (укуктуу өкүлдөрүн) билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча маалымдайт, анын ичинде сабактардын расписаниясы, окуу предметтери боюнча учурдагы жана аралык контролдун графиги, консультацияларды өткөрүү; 4) окуу предметтеринин жумушчу программаларын тактоону көзөмөлдөө; 5) аралык аттестацияны өткөрүү формалары жана мөөнөттөрү боюнча окуу планында өзгөртүүлөрдү киргизүү, зарылчылык болсо, окуу предметтерине бөлүнгөн сааттардын санын өзгөртөт; 6) билим берүү программаларындагы өзгөртүүлөрдү кабыл алуу үчүн педагогикалык курамдын жыйналыштарын өткөрөт; 7) билим берүү программаларындагы өзгөртүүлөрдү бекитүү боюнча буйруктун долбоорун даярдайт; 8) онлайн-мектептин ишмердүүлүгүн, анын ичинде билим берүү процессинин натыйжалуулугун жана коюлган максаттарга жетүүнү анализдейди; 9) ата-энелерге (укуктуу өкүлдөрүнө) реалдуу убакыт режиминде же онлайн консультация берет; 10) колдонуучулар өз суроолоруна жооп алууга мүмкүнчүлүк берген чат-боттун жана ысык линиянын колдоо системасын ишке ашырат; 11) билим берүү ишмердүүлүгүнө катышкан окуучулардын санын күн сайын чогултат; 12) билим берүүнүн сапатын жана иштин натыйжалуулугун жакшыртуу үчүн зарыл болгон башкаруучу чечимдерди убагында кабыл алат. 81. Онлайн-мектептин каржылык чыгымдарын каржылоо Кыргыз Республикасынын билим берүү министрлигинин тиешелүү жылдардагы каражаттарынын чегинде, жалпы билим берүү уюмдарындагы кечки жана сырттан окуу формаларын оптимизациялоонун натыйжасында бошонгон каражаттардын негизинде жүргүзүлөт. | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| «Тунгуч» онлайн-мектебинин административдик-үй чарба жана окуу-колдоо персоналынын ШТАТТЫК ЧЫГЫМДАРЫ | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||