
Наркотиктерге каршы кызмат рейддерди өткөрүүдө
Антинаркотикалык рейддер Бишкектин түнкү клубдарында өткөрүлүүдө, бул тууралуу Наркотиктердин мыйзамсыз жүгүртүүсүнө каршы кызматтан билдиришти.
Мекемелерди жана алардын конокторун текшерүү үчүн даярдалган иттери менен кинологдор тартылган.
Бул иш-чаралардын жүрүшүндө клубдардын администраторлору, кызматкерлери жана коноктору менен сүйлөшүүлөр өткөрүлүп, наркотиктерди колдонуу менен байланышкан коркунучтар, ошондой эле алардын сактоосу, сатылышы жана колдонулушу үчүн кылмыш жоопкерчилиги түшүндүрүлөт.
Сүрөт www