Жаза 28 миң сомду түздү
Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги мыйзам бузуулардын аныкталышы үчүн рейддерди өткөрүүдө
Мындай рейддердин биринде Ала-Тоо аянтында мыйзамсыз от жагуу фактысы катталып, жаза катары мыйзам бузучуга 28 миң сом өлчөмүндө айып салынды.
«Биз айлана-чөйрөнү коргоо жана коомдук тартипти камсыз кылуу үчүн көзөмөл чараларын күчөтүүнү улантабыз. Жарандар экологиялык нормаларга жана мыйзам талаптарына так ылайык болушу керек», — деп айтылат расмий билдирүүдө.
Сүрөт пресс-кызмат тарабынан берилген
