
Жеңүүчүлөргө атайын техника тапшырылды
Кыргызстанда «Эң таза шаар» жана «Эң таза айыл» республикалык конкурсу боюнча жыйынтыктар чыгарылды. Бул иш-чараны Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги уюштурду.
Натыйжада, эң таза шаар наамын Баткен облусунда жайгашкан Раззаков аймагы алды. Приз катары шаар калдыктарды сорттоо үчүн атайын техниканы алды.
Нарын облусунун Ат-Баши районундагы Ак-Муз айылдык аймагы «эң таза айыл» категориясында жеңишке жеткендиги үчүн «Шумкар» автотехникасы боюнча сертификат алды.
Чүй облусундагы Орловка да кошумча сыйлык — мотороллер менен сыйланды.
Сүрөт www