Кыргызстан боюнча 27-декабрдан баштап күн сайын ярмаркалар өткөрүлөт

Ирэн Орлонская Экономика
VK X OK WhatsApp Telegram
Кыргызстан боюнча 27-декабрдан баштап күн сайын ярмаркалар өтөт

Эл жеткиликтүү баада товар сатып ала алат


27-декабрдан 31-декабрга чейин Кыргызстанда күн сайын ярмаркалар уюштурулат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирген.

Бул иш-чаралардын негизги максаты — жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү, фермерлерди жана кол өнөрчүлөрдү колдоо, ошондой эле жарандарды жеткиликтүү баада сапаттуу тамак-аш продуктылары менен камсыздоо.

Министрликте өлкөдө учурда негизги тамак-аш түрлөрү боюнча жетишсиздик жок экенин, запастар жетиштүү деңгээлде экенин белгилешти.

Башкы шаарда ярмаркалар төмөнкү жайларда өтөт:

- Т. Усубалиев атындагы аянт;

- И. Раззаков жана Абдымомунов көчөлөрүнүн кесилишиндеги аймак;

- Эркиндик бульвары (Биринчи май району).

Ярмаркага катышуучуларга коюлган талаптар: продукция сапаттуу жана санитардык-гигиеналык нормаларга жооп бериши керек; баалар базар баасынан төмөн болушу шарт; райондук агрардык башкармалыктан тастыктоочу кат болушу милдеттүү.

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефон номерлерине кайрылсаңыз болот: (0312) 66-14-22, 0702 70 20 00.

Сүрөт www
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз:

IV Элдик Курултай аяктады

IV Элдик Курултай аяктады

Министрлер кабинетинин билдирүүсүнө ылайык, делегаттар тарабынан айтылган бардык маселелер жана...