
Жарандарды документтерин алдын ала даярдоого чакырышат
2026-жылдын 1-12-январь күндөрү Кыргызстандагы жарандарды тейлөө борборлору (ЦОН) өз ишин токтотот. Бул тууралуу КР президентинин иш башкармалыгына караштуу ГУ «Кызмат» маалымдады.
2025-жылдын аягына чейин ЦОНдордун иш режими мурдагыдай болот.
«Кызматта» узакка созулган эс алуу күндөрүнөн кийин жарандардын кайрылууларынын саны кыйла көбөйөт деп күтүшөт, ошондуктан өлкө тургундарына, айрыкча чет өлкөгө чыгуу пландагандарга, зарыл документтерин алдын ала даярдоону сунушташат.
Жарандар үчүн «Тундук» платформасы аркылуу онлайн кызматтар жеткиликтүү, алардын арасында:
- электрондук кезекти резервдөө;
- адрести каттоо;
- паспорт алмашуу;
- ЗАГСтын күбөлүктөрүнүн дубликаттарын алуу;
- тууу жана өлүмдү каттоо.
Сүрөт www